Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-июну № 4-12
Ак-Суу айыл ѳкмѳтγнγн Ак-Суу айылындагы № 8025 шайлоо участкасын эки мандатка бѳлγγ жѳнγндѳ Ак-Суу айыл ѳкмѳтγнγн Ак-Суу, Кара-Камар айылдарынын жашоочуларынын коллективдγγ арызын кароо жѳнγндѳ
Ак-Суу айыл ѳкмѳтγнγн Ак-Суу айылындагы № 8025 шайлоо участкасын эки мандатка бѳлγγ жѳнγндѳ Ак-Суу айыл ѳкмѳтγнγн Ак-Суу, Кара-Камар айылдарынын жашоочуларынын коллективдγγ арызында тѳмѳнкγлѳр белгиленген. Ак-Суу айыл ѳкмѳтγнγн Ак-Суу айылында жайгашкан № 8025 Ак-Суу шайлоо участкасында ѳзбек- кыргыз улутундагы 1872 шайлоочу катталган. 2008-жылдагы айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо иш-чарасында № 8025 Ак-Суу шайлоо участкасында эки мандаттуу (Замборуч беш мандаттуу Ак-Суу тѳрт мандаттуу ) шайлоо округдары жайланышкан болчу, ошондуктан Замборуч беш мандаттуу шайлоо округунан беш ѳзбек улутундагы атуул, Ак-Суу тѳрт мандаттуу шайлоо округунан тѳрт кыргыз улутундагы атуул депутат болуп шайланышкан. Ал эми 2012-жылдын октябрь айында болуп ѳткѳн айылдык кеңештерди шайлоо ѳнѳктγгγндѳ № 8025 Ак-Суу шайлоо участкасында эки мандат бириктирилип бир мандаттуу Ак-Суу шайлоо округунан 12 депутат шайланган. 12 депутаттын ичинен 1 депутат кыргыз 11 депутат ѳзбек улутундагылар.
Бул маселе боюнча Лейлек аймактык шайлоо комиссиясына жана Борбордук шайлоо комиссиясынын ѳкγлγнѳ, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясына кайрылышкан, бирок маселе чечилген эмес.
Ошондуктан ушул маселени борбордук шайлоо комиссиясына жеткирγγ γчγн айылдык кеңештин сессиясына арыз менен кайрылганбыз. Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы атуулдардын арызын канааттандыруу максатында борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жѳнѳтγлсγн. (кайрылуунун тексти тиркелет.)
2. Чечимдин аткарылышын камсыздоо жагы айылдык кеңештин тѳрагасы А. Пирназаровко тапшырылсын.
Төрага | А. Пирназаров |