Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-июлу № 5-3
Ак-Суу айылында жаштар арасында достук мамилелерин чындоо жана тарбиялоо γчγн «Достук γйγ» социалдык маданий борборун тγзγγ долбоорун турмушка ашырууга макулдук берγγ жѳнγндѳ жана айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинен колдоо кѳрсѳтγγ жѳнγндѳ
Ак-Суу айылында жаштар арасында достук амилелерин чындоо жана тарбиялоо γчγн «Достук γйγ» социалдык маданий борборун тγзүγ долбоорун турмушка ашырууга макулдук берγγ жѳнγндѳ жана айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинен колдоо кѳрсѳтγγ жѳнγндѳ Ак-Суу айыл ѳкмѳтγнγн башчысы А. Убайдуллаевдин билдирγγсγн угуп Ак-Суу айылдык кеңешинин сессиясы тѳмѳнкγлѳрдγ белгилейт. Долбоордун жалпы суммасы 327200 сом долбоордун суралган гранттык суммасы 257200 сом -78,6 %, Айыл өкмөтүнүн өздүк салымы 70000 сом 21,4 % Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ак-Суу айылында жаштар арасында достук мамилелерин чыңдоо тарбиялоо γчγн «Достук γйγ» социалдык маданий борборун тγзγγ, долбоордун жалпы суммасы 327200 сом, жактырылсын жана турмушка ашырууга макулдук берилсин.
2. Айыл ѳкмѳтγнγн атайын эсебинен ар тγрдγγ чыгымдар статьясынан 70000 сом акча каражатынан колдоо кѳрсѳтγγгѳ макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы ФЭБ башчысы Х. Кушбаковго, кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин Бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Пирназаров |