Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30ноябры № 8-2
№ 8183 Жаркыштак шайлоо участкасынан депутат Пирматов Равшанбек Шамшимаматовичтин арызын кароо жѳнγндѳ
Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Пирматов Равшанбек Шамшимаматовичтин арызы боюнча Ак-Суу айылдык кеңеши тѳрагасынын орун басары С. Асланкуловдун билдирγγсγн угуп айылдык кеңештин сессиясы тѳмѳнкγлѳрдγ белгилейт. Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Пирматов Равшанбек Шамшимаматович башка жакка кѳчγп кеткендигине байланыштуу Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаттыгыдан бошотуп коюуну суранып арыз жазган. Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Пирматов Равшанбек Шамшимаматовичтин арызы канааттандырылсын жана Ак-Суу айылдык кеңештин депутаттыктан бошотулсун.
2. Лейлек аймактык шайлоо коммиссиясынан бошогон депутаттык орунга эң кѳп добуш алган депутатты аныктап берγγ жагы суралсын.
Төрага | С. Аслонкулов |