Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-ноябры № 8-5
К.Р.Өнүн Баткен областык ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана ЛРМАнын суицид боюнча кабыл алынган токтомдорун реализациялоо жөнүндө
К.Р.Өнүн Баткен областык ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана ЛРМАнын суицид боюнча кабыл алынган токтомдорун реализациялоо жөнүндө айыл өкмөттүн жооптуу катчысы С. Эрназаровдун билдирүүсүн угуп төмөнкүлөрдү белгилейт. Жаштар арасында суицид боюнча Баткен областы Республика боюнча 1-орунда болсо, Лейлек району облуста 1-орунда турганы өтө кейиштүү көрүнүш. Жакында эле Чоюнчу айылында А. Шаматов атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Досматова Гулиза өзүнү өзү аскан. Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Р.Өнүн Баткен областык ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана ЛРМАнын суицид боюнча кабыл алынган токтомдору реализациялансын жана аткарууга алынсын.
2. Орто мектептерде бул маселе боюнча ата-энелер комитеттери менен биргеликте жалпы чогулуштар өткөрүлүп тийиштүү иш чаралар иштелип чыгылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча адиси А. Гапаровко тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Аслонкулов |