Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2013-жылдын 30-ноябры № 8-7
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн кошумча кирешени бюджетке киргизүү жана сметанын негизинде статьяларга бөлүштүрүү жөнүндө
Ак-Суу айылдык кеңешинин сессиясы айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн кошумча кирешени бюджетке киргизүү жана сметанын негизинде статьяларга болуштуруу жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Х. Кушбаковтун билдирүүсүн угуп төмөнкүлөрдү белгилейт.Айыл өкмөтүнүн бюджетине божомолдон ашыкча кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен кошумча 285000 (эки жуз сексен беш миң)сомго келишим түзүлгөндүктөн ушул сумманы бюджетке киргизип сметанын негизинде чыгышталышына өзгөртүү киргизип берүүнү суранат. Жогорудагыларды белгилеп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын бюджетинин божомолунан ашыкча кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен түшкөн 285000 (эки жуз сексен беш миң) сом Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетине кириштелсин.
2. Жогорудагы сумма ар түрдүү чыгымдар статьясына кошумча сметанын негизинде жумшалсын.
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |