Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2013-жылдын 30-ноябры № 8-8
Орто мектептерди долбоор негизинде ремонтоодон түшкөн ар түрдүү курулуш материалдарды кириштөө жана ашыкчаларын сатууга макулдук берүү жөнүндө
Орто мектептерди долбоор негизинде ремонтоодон түшкөн ар түрдүү курулуш материалдарды кириштөө жана ашыкчаларын сатууга макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ИФЕБнын башчысы Х Кушбаковдун билдирүүсүн угуп төмөнкүлөрдү белгилейт. Азыркы мезгилде айыл өкмөтүнүн аймагындагы 5 орто мектепте ЮНИСЕФ тарабынан Япон өкмөтүнүн грантынын негизинде каржыланган мектептин материалдык техникалык базасын жакшыртуу максатында Ош шаарындагы “ФАЙСИ” жоопкерчилиги чектелген уюм тарабынан ар түрдүү ремонт иштери жүрүп жатат. Натыйжада мектептерде ар түрдүү курулуш материалдарынын ( шифер, тактай, терезе, эшик) эскилери пайдалануудан чыгарылган , алардын кээ бирлери жарактуу, кээ бирлери жараксыз. Ошондуктан жарактуу материалдарды айыл өкмөтүнүн балансына кириштеп социалдык багыттагы мекемелерге иштетуу керек жана ашыкчасын элдерге сатууга макулдук берүүнү суранабыз. Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто мектептерде долбоор негизинде ремонтоодон түшкөн ар түрдүү курулуш материалдары айыл өкмөттүн балансына кириштелсин.
2. Кириштелген мурдагы пайдаланган курулуш материалдары биринчи кезекте мектептерге жана социалдык объектилерге иштетилсин.
3. Мурда пайдаланылган курулуш материалдарынын ашыкчасын сатууга макулдук берилсин, жана тиешелүү актыларды түзүү менен пайдаланылган материалдарды кириштөө, ашыкчасын аныктоо жана сатуу үчүн төмөнкү курамда комисссия түзулсүн.
1.комиссиянын төрайымы: | М. Разыкова |
Мүчөлөрү: | |
Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрү
| |
2. Х. Эрматов, 3 Шамшиддинов А, 4 Халмуратов. Н, 5 Абдинаимов. Т | |
6. Депутаттар Ак-Суу айылы боюнча 7. Кара-камар айылы боюнча 8. Чоюнчу айылы боюнча 9. Жаркыштак айылы боюнча | Т. Исмоилов А. Хакимов Б. Кудаяров Х. Абдуллаев |
10. Бардык орто мектептердин директорлору. 11. Бардык орто мектептердин завхоздору 12. Жаркыштак, Чоюнчу, Кара – камар айылдарынын айыл башчылары.
| |
13. Айыл өкмөтүнүн бухгалтери | Ф. Туйчиева |
4. Мектептердеги пайдалануудан чыккан эски бирок жарактуу курулуш материалдары жогорудагы комиссиянын актысынын негизинде кириштелсин жана сатыла турган эски курулуш материалдары ушул комиссиянын актысынын негизинде бааланып мыйзам чегинде сатууга макулдук берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн башчысы А. Убайдуллаевге тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |