Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2013-жылдын 30-ноябры № 8-9
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында спирттик ичимдиктер сатууга чектөө киргизүү жөнүндө
Айыл өмөтүнүн аймагында спирттик ичимдиктер сатууга чектөө киргизүү жөнүндө Ак-Суу айыл өмөтүнүн катчысы С. Эрназаровдун билдирүүсүн угуп төмөнкүлөрдү белгилейт. Азыркы мезгилде айыл өмөтүнүн аймагындагы дүкөнчүлөрдө спирттик ичимдиктер күндүзү да, түн ичинде да сатылып жатат, натыйжада атуулдар арасында негиздүү нааразычылыктар пайда болууда. Ошондой эле ичип алган атуулдар арасында чыр-чатактар пайда болуп турат. Ошондуктан сиздерден спирттик ичимдиктерди сатууга чектөө киргизип берүүнү суранам. Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы спирттик ичимдиктерди саткан дукөнчөлөрдүн төмөнкүдөй иштөө регламенти бекитилсин:
- Жаз учурунда эрте мененки саат 800 дон кечки саат 800 чейин.
- Кыш учуруда эрте мененки саат 1100 дон кечки саат 700 чейин.
-Спирттик ичимдиктерди майдалап бөлүп сатууга уруксат берилбесин.
- Лицензиясы бар дүкөндөргө гана спирттик ичимдиктерди сатууга уруксат берилсин.
2. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө административдик укуктуу маселелер боюнча туруктуу комиссияларга тапшырылсын.
Төрага | С. Аслонкулов |