Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2013-жылдын 30-ноябры № 8-11
Айыл өкмөтүнөн атуулдардын тиешелүү маалыматтарды алганына төлөм киргизүү жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнөн атуулдардын тиешелүү маалыматтарды алганына төлөм киргизүү жөнүндө жооптуу катчы С. Эрназаровдун билдирүүсүн угуп төмөнкүлөрдү белгилейт. Айыл өкмөтүнөн атуулдар ар түрдүү справкалар, маалыматтар алат, ошого сиздер тараптан тиешелүү ставка бекитилүүсү керек. Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнөн үй-бүлөсүнүн курамы, малы, жери, ижарага алган жери жөнүндө маалыматтар акысыз берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин тиешелүү кагаздар жана концелярдык товарлар менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Х. Кушбаковго тапшырылсын
Төрага | С. Аслонкулов |