Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012–жылдын 18–апрели №2
Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Э. Акматжановананын билдирүүсү жөнүндө
Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Э. Акматжановананын 4-апрель 2012-жылдагы Чаек айылдык кеңешинин жазган билдирүсүн жөнүндө, текшерген убактылуу комиссиянын жана А. Токтоналиева менен Ж. Сагынбековдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Чаек айылдык кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айылдык кеңешинин 2012-жылдын 4-апрелиндеги убактылуу комиссиянын № 3 токтому күчүндө калтырылсын.
1 .Чылпаков Темирбек Чаек айылдык кеңешинин депутаты, убактылуу комиссиянын төрагасы
Мөчөлөрү:
2. Абдыкадыров Руслан
3. Муктарова Рыскул
4. Исмаилова Нургул
5. Шалбаев Каныбек
2. Жумгал райондук Архивинин 20.12.2011-жылдагы № 739 чыгыш каты боюнча Чаек айылынын тургуну Э.Акматжановага, 04.04.2012-жылдагы № 19-А чыгыш каты менен Чаек айылынын тургуну Э. Акматжановага.жана Чаек айылдык кеңешинин депутаттарына берген 09.04.2012-жылдагы № 4-4 чыгыш каттары боюнча кайра карап чыгуу жагы аталган убактылуу комиссияга тапшырылсын.
3. Иштин жыйынтыгы боюнча, Чаек айылдык кеңешинин кийинки сессиясына маалымат берүү жагы убактылуу комиссиялардан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдук кылуу жагы Чаек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У. Асанбековго милдеттендирилсин.
Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Рысалиев |