Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы
2014-жылдын20-февралы № 9-2
Сессиянын ишине катышкандар: Ак Суу айылдык кеңешинин 18 депутаты.
Сессиянын күн тартибинде каралуучу маселе.
1. Ак Суу айылдык кеңешинин депутаты Пирматов Равшанбетин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө.
Угулду: Күн тартибиндеги маселе боюнча Лейлек аймактык шайлоо коммиссиянын төрагасы К. Саттаровдун билдирүүсү угулуп ал төмөнкүлөргө токтолду.
Пирматов Равшанбектин башка жаккка көчүп кеткендигин эске алып депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу зарыл.
Күн тартибиндеги маселе боюнча депутаттар Туйчиев Момунжан, Халмуратов Нурбек, Маманазаров Гайбилла чыгып сүйлөшүп Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгу» мыйзамдын № 52-беренесине ылайык жогорудагы депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну сунуш кылышты.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сесиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак Суу айылдык кеңештин депутаты Пирматов Равшанбектин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Лейлек аймактык шайлоо жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссияларынан суралсын
Төрага | С. Асланкулов |