Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2014-жылдын 20-февралы № 9 -7
Ак Суу айылдык кеңешининин төрагасына компенсация төлөп берүү жөнүндө
Кун тартибиндеги маселе боюнча жооптуу катчы С.Эрназаровдун билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.
“Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү“ Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 мыйзамынын 37-статьясынын 6- пунктунда айылдык кеңештин төрагасы өз ишин коомдук башталышта жүргүзөт, бирок бир жолку берилүүчү компенсация алат деп көрсөтүлгөн.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу агенттигинин 2009-жылдын 15-январындагы № 124 буйругунун негизинде тиешелүү эсептөө расчеттору берилген. Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айылдык кеңештин төрагасына бир жолку берилүүчү компенсация төлөнүп берилсин
Төрага | С. Асланкулов |