Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2014-жылдын 20-февралы № 9-11
Лейлек райондук прокуратурасынын 2014-жылдын 21-январындагы № 11\59-14 сандуу мыйзам бузуучулукту четтетүү жөнүндөгү сунушун кароо жөнүндө
Лейлек райондук прокуратурасынын 2014-жылдын 21-январындагы № 11\59-14 сандуу мыйзам бузуучулукту четтетүү жөнүндөгү сунушун кароо боюнча айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С. Эрназаровдун билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.
Өзүңүздөргө маалым болгондой 2014-жылдын жылдын 19-20-январь күндөрү Ак-Суу айылында өзбек жана кыргыз улутундагы 2 бала мушташып натыйжада башкалар да ага аралашып бир топ маселе жаралган натыйжада эки элдин ортосунда жарака кетүү коркунучу жаралган.
Элдердин, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана күч кызматтарынын кийлигишүүсүнүн натыйжасында урушкандар жарашып, элдер биримдикке келип таркап кетишкен, ошондуктан Лейлек райондук прокуратура бул сунушту айылдык кеңештин сессиясында карап тиешелүү жыйынтык чыгарууну сунуштаган. Буга чейин бул ишке катыштыгы бар айылдык кеңештин депутаты М. Разыкова өз арызынын негизинде депутаттык мандатын тапшырган, ал эми айыл өкмөтүнүн башчысы. А. Убайдуллаев өз арызынын негизинде иштен кеткен. Жоргорудагыларды белгилеп, Ак-Суу айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лейлек райондук прокуратуранын мыйзам бузуучулукту четтетүү жөнүндөгү сунушу аткарууга алынсын.
2. Мыйзам бузуучулукка жол берген кызмат адамдары депутат М. Разыкованын жана айыл өкмөт башчысы А. Убайдуллаевдин кызматтан кетүү жөнүндө берген арыздары көңүлгө алынсын.
3. Элдердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айылдык кеңештин депутаттарына жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |