Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2014-жылдын 20-февралы № 9-13
Ак-Суу айылдык аймагынын админстративдик чек арасынын, жайыттарынын тышкы чек араларынын жана алардын аянттарын бекитүү жөнүндө
“Жер жана козголбос мүлк” ЖЧКсы тарабынан Ак-Суу айыл аймагынын админстративдик чек арасы, жайыттарынын тышкы чек аралары боюнча Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2011-жылдын 12-декабрындагы 5433 номерлүү даярдалган картасынын жана материалдарын карап чыгып депутаттардын Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын админстративдик чек арасынын, жайыттарынын тышкы чек аралары боюнча Баткен жерге жайгаштыруу боюнча экспедициясынын 2011-жылдын 12-декабрындагы 5433 номерлүү даярдаган карта, материалдар жана баяндамалардын негизинде бекитилсин.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жайыттарынын тышкы чек аралары 7984 га бөлүп бекитилсин.
Төрага | С. Асланкулов |