Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2014-жылдын 20-февралы № 9-15
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагынын Чоюнчу айлындагы "Балажан" жана Жар кыштак айлындагы "Кызгалдак" балдар бакчалары жаңы уюшулган аларга колдоо көрсөтүү жөнүндө алардын башчылары А. Шамшидинованын жана К. Туйчиеванын билдирүүлөрүн угуп айылдык кеңештин сесиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.
Аталган бакчалар жаңы уюшулган жана материалдык техникалык базасы начар жардам талап кылынат жогоруларды белгилеп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын Чоюнчу айылындагы "Балажан" жана Жар Кыштак айлындагы «Кызгалдак» бала бакчаларын колдоо максатында алардын ар бирине кайра бөлүштүрүү жеринен ар барине 0,20га дан суулуу жер акысыз берилсин
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жер боюнча башкы адис А. Бабаевге тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |