Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы
2014-жылдын 22-апрели № 10-2
“Ак Суу Суу “ ИСКАКБсынын ичүүчү сууну керектөөчүлөргө бир айлык тарифин бекитүү жөнүндө
“Ак Суу Суу “ ИСКАКБсынын ичүүчү сууну керектөөчүлөргө бир айлык тарифин бекитүү жөнүндө “Ак Суу Суу“ ИСКАКБсынын төрагасы А. Гафиролвдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ак Суу Суу” ИСКАКБсынын ичүүчү сууну керектөөчүлөрүнө айына 1 куб сууга 6.67 сомдон белгиленсин
2. Үйүнүн ичине киргизилгендерге айына 150 сомдон жана таза сууну үйүнө киргизгендерге уруксат берүү үчүн 2760 сомдон бекитилсин.
3. Мекеме уюмдарга келишим негизинде .мектеп окуучуларына жана балаа бакча тарбиялануучуларына ар бир адамга 5 сомдон белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |