Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы
2014-жылдын 22-апрели № 10-4
Ак-Суу айыл аймагына караштуу Алга айылына мурдагы тарыхый Жар-Кыштак деген атын кайтарып берүү жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагына караштуу Алга айылы мурда Жар Кыштак айылы деп аталган азыркы мезгилде Лейлек райондук статистика башкармалыгында Алга айылы деп катталып турат. Көптөгөн айыл тургундарынын жана Алга айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде жана айылдын айыл башчысы А. Имматкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагына караштуу Алга айылына мурдагы тарыхый Жар Кыштак деген атын кайтарып берүү жөнүндө Алга айылынын тургундарынын 2014-жылдын 4-апрелиндеги № 5 протоколу жана Ак Суу айыл өкмөтүнүн заседаниесинин 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 13 протоколу бекитилсин.
Төрага | С. Асланкулов |