Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы
2014-жылдын 22-апрели № 10-6
Ак-Суу айыл аймагына караштуу Суу-Башы айылына мурдагы тарыхий Кара-Камар деген атын кайтарып берүү жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагына караштуу Суу-Башы айылы мурда Кара-Камар айылы деп аталган азыркы мезгилде Лейлек райондук статистика башкармалыгында Суу-Башы айылы деп катталып турат .Көптөгөн айыл тургундарынын жана Суу-Башы айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде жана айылдын айыл башчысы Ж. Сыдыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагына караштуу Суу-Башы айылына мурдагы тарыхий Кара-Камар деген атын кайтарып берүү жөнүндө Суу-Башы айылынын тургундарынын 2014-жылдын 20 – апрелиндеги № 1 - протоколу жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн заседаниесинин 2014- жылдын 21-апрелиндеги № 11 токтому бекитилсин.
Төрага | С. Асланкулов |