Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы
2014-жылдын 22-апрели № 10-7
Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айылына караштуу Жизген участкасына айыл статусун берип, Жезкен айылы деп өзгөртүү жөнүндө
Бүгүнкү күндө Ак-Суу айылынын Жизген участкасында 49 кожолукта 228 адам жашап жатат. Бул айылда М. Горький атындагы орто мектептин Жизген Филиалы, 1 ФАП жайгашкан.Горький атындагы орто мектебинин филиалында 11 мугалим эмгектенип 52 окуучу билим алып жатат. Жизген айылында ФАПта 2 адам эмгектенет. Жизген айылында мурда көп адам жашаган, бирок СССРдин убагында мамлекеттин чечиминин негизинде айылдарды ирелештирүү боюнча чечим кабыл алынып анын натыйжасында бул айылда жашагандар башка жактарга көчүрүлгөн, бирок башка жерде жашагысы келбей кайрадан бул жерге көчүп келишкен. Айылдын Жизген аталып калышы мурда бул жерде жез өндүрүлгөн ошондуктан Жезкен деп аталып жүрүп кийинчереек Жизген деп аталып калган Жогорудагыларды белгилеп Ак-Суу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жизген айылынын тургундарынын 2014-жылдын 20-апрелиндеги № 1 протоколу жана Ак Суу айыл өкмөтүнүн заседаниесинин 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 14 протоколу бекитилсин.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Ак-Суу айылына караштуу Жизген участкасына айыл статусу берилсин жана айылдын аталышы Жезкен деп аталсын.
Төрага | С. Асланкулов |