Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы
2014-жылдын 22-апрели № 10-8
Ю. Пулатов атындагы орто мектебинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансасында турган эски бузулган спорт залдын фундаментин түзгөн цемент блокторду сатууга макулдук берүү жөнүндө
Күн тартитибиндеги маселе боюнча Ю. Пулатов атындагы орто мектебинин директору Ш. Анарбаевдин билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мектептин эски спорт залы жер титирөөдөн авариялык абалга келип Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин аныктамасынын негизинде жараксыз деп табылып бузулган жана андан чыккан материалдар жаңы спорт зал курууга иштетилген, ал эми фундаментин түзгөн цемент блоктор чуңкурдун ичинде жатат биздин айыл аймагынын тургундары аны иштете албайт эгерде уруксат берсеңиздер мыйзам чегинде аны сатып мектептин чарбалык иштерине смета негизинде иштетсек. Жогорудагыларды белгилеп Ак-Суу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин аныктамасынын негизинде жараксыз деп табылып бузулган Ю. Пулатов атындагы орто мектебинин эски спорт залынын фундаментин түзгөн цемент блоктору мыйзам негизинде сатууга макулдук берилсин.
Төрага | С. Асланкулов |