Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы
2014-жылдын 22-апрели № 10-9
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2014-2017-жылдардагы Айылдарды өнүктүрүү программасына Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Камар Башы участкасындагы айдоо жерлерге Ак-суу дарыясынан темир труба менен суу алып келүү жөнүндө долбоорду кошумча киргизүү жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Камар Башы участкасындагы айдоо жерлерге Ак-Суу дарыясынан темир труба менен суу алып келүү жөнүндө долбоорду Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2014-2017-жылдардагы айылдарды өнүктүрүү программасына киргизүү жөнүндө Ак-Сүү айылынын тургуну Х. Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Aк-Cyy айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Камар Башы участкасындагы айдоо жерлерге Ак-суу дарыясынан темир труба менен суу алып келүү жөнүндө долбоорду Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2014-2017-жылдарда айылдарды өнүктүрүү программасына кошумча катары киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Лейлек районунун 2014-2017-жылдарда айылдарды өнүктүрүү программасына жогорудагы долбоорду кошумча катары киргизүү жагы Лейлек райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.
Төрага | С. Асланкулов |