Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
2014-жылдын 12-июну № 11-2
Сессиянын ишине катышкандар: Ак Суу айылдык кеңешинин 16 депутаты.
Сессиянын күн тартибинде каралуучу маселелер.
1.Ак Суу айылдык кеңешинин депутаттары Саматов Толкундун жана Абдижаббаров Атакозунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Угулду: Күн тартибиндеги маселе боюнча Лейлек аймактык шайлоо коммиссиянын төрагасы К. Саттаровдун билдирүүсү угулуп ал төмөнкүлөргө токтолду.
Саматов Толкун азыркы мезгилде Россия Федерациясында иштеп жүрөт сессияларга катышууга мүмкүнчүлүгү жок ошондуктан депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу зарыл.
Ал эми депутат Абдижаббаров Атакозу ден соолугуна байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арыз берген.
Күн тартибиндеги маселе боюнча депутаттар Туйчиев Момунжан, Халмуратов Нурбек,Маманазаров Гайбилла чыгып сүйлөшүп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү“ мыйзамдын № 52-беренесине ылайык жогорудагы депутатардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну сунуш кылышты.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сесиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак Суу айылдык кеңештин депутаттары Саматов Толкундун жана Абдижаббаров Атакозунун депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Лейлек аймактык шайлоо жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссияларынан суралсын
Төрага | С. Асланкулов |