Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
2014-жылдын 12-июну № 11/4
№ 11 УБДТнын, ФАПтардын жана Ак Суу участкалык ооруканасынын айыл аймагындагы элдерди тейлөө багытында аткарган иштери жөнүндө
№ 11 УБДТнын, ФАПтардын жана Ак Суу участкалык ооруканасынын айыл аймагындагы элдерди тейлөө багытында аткарган иштери жөнүндө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Туйчиевдин ( билдирүү тиркелет) жана № 11 УБДТнын, Ак Суу участкалык оорукананын жетекчилеринин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 11 УБДТ нын жана Лейлек аймактык ооруканын Ак Суу бөлүмү тарабынан аткарып жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Айлык иш пландарын тартипке келтирүү , микроучасткаларда иштөөнү жакшыртуу жооптуу кызматкерлерге тапшырылсын жана ай сайын жыйынтык чыгарып туруу жагы ишкана жетекчилерине тапшырылсын.
3. ОМС аркылуу берилүүчү дарылардын тизмеси коридорго илинип өз мөөнөтүндө жаңыланып турулсун.
4. Оорукананын Ак Суу бөлүмүнүн ашканасынын санитардык гигиеналык абалы тартипке келтирилсин жана меню негизинде тамак берүү уюштурулсун.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |