Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы
2014-жылдын 12-июну № 11/07
Евросоюз жана ПРООН 2013-жылда каржылай албай 2014-жылда каржылаган 12000 сом акчага Ак-Суу айылдык маданият үйүнө бекитилген смета негизинде музыкалык аппаратура алууга макулдук берүү жөнүндө
Евросоюз жана ПРООН 2013-жылда каржылай албай 2014-жылда каржылаган 12000 сом акчага Ак-Суу айылдык маданият үйүнө бекитилген смета негизинде музыкалык аппаратура алууга макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Х. Кушбаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Евросоюз жана ПРООН 2013-жылда каржылай албай 2014-жылда каржылаган 12000 сом кириштелсин жана 2014-жылдын сметасынын чегинде ар түрдүү чыгымдар статьясына чыгыштоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздооо ФЭБ башчысы Х. Кушбаковго тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык кеңешинин экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |