Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
2014-жылдын 12-июну № 11-8
Ак-Суу айыл аймагында жеке менчик турак жай куруу үчүн арыз берип кезекте турган атуулдарга жер тилкесин берүү үчүн жер комиссиясын түзүү жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагында жеке менчик турак жай күрүү үчүн арыз берип кезекте турган атуулдарга жер тилкесин берүү үчүн жер комиссиясын түзүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Халмуратовдун билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт .
Бүгүнкү күндө айыл өкмөтүнө жер тилкесин сурап арыз менен 204(эки жүз төрт) атуул кайрылган.
Ушул күнгө чейин жер берүү маселеси чечилбей келе жаткан азыр жер ажыратылып тиешелүү документтер толугу менен бүттү, ошондуктан жогорудагы арыз бергендерди тактап .документтерин көрүп айыл өкмөтүнүн заседаниесине сунуш бере турган жер комиссиясын түзүп берүүңүздөр зарыл. Жогорудагыларды белгилеп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагында жеке менчик турак жай куруу үчүн арыз берип кезекте турган атуулдарга жер тилкесин берүүгө сунуш берүү үчүн төмөнкү курамда жер комиссиясы түзүлсүн.
Жер комиссиясыны курамы:
1. Айылдык кеңештин депутаты 2. Айылдык кеңештин депутаты 3. Айылдык кеңештин депутаты 4. Айыл өкмөтүнүн башчысы 5. Жер боюнча башкы адис 6. Чоюнчу айылынын айыл башчысы 7. Жар Кыштак айылынын айыл башчысы 8. Лейлек шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын инженери 9. Сүлүктү–Лейлек аймактык кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттик каттооо башкармалыгынын жетектөөчү адиси 10. Ак суу айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы 11. Жаштар уюмунун мүчөсү
| Б. Худаяров А. Хакимов Н. Халмуратов А. Халмуратов А. Бабаев Ж. Гаипов А. Имматкулов
Б. Худайназаров
С. Сулайманов О. Телеков
|
Төрага | С. Асланкулов |