Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы
2014-жылдын 12-июну № 11/9
Муниципалдык менчикке катталган жерлерди жеке менчикке сатуудан түшкөн 50.1 миң сомду 2014-жылдын сметасынын негизинде ар түрдүү чыгымдар статьясына чыгымдоого макулдук берүү жөнүндө
Муниципалдык менчикке катталган жерлерди жеке менчикке сатуудан түшкөн 50.1 миң сомду 2014-жылдын сметасынын негизинде ар түрдүү чыгымдар статьясына чыгымдоого макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Х. Кушбаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикке катталган жерлерди жеке менчикке сатуудан түшкөн 50.1 миң сомду 2014-жылдын сметасынын негизинде ар түрдүү чыгымдар статьясына чыгымдоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздооо ФЭБ башчысы Х. Кушбаковго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык кеңешинин экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |