Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
2014-жылдын 12-июну № 11/12
Жар Кыштак айлынын ылдый жагындагы № 3 контрдан кум алуучу карьер үчүн көп жылдык мөөнөткө ижарага берүү үчүн 23 га жана Ак-Суу айлынын ылдый жагынан кум алуучу карьер ачуу үчүн көп жылдык мөөнөткө ижарага берүү үчүн 1 га жерге макулдук берүү жөнүндө
Жар Кыштак айлынын ылдый жагындагы № 3 контрдан кум алуучу карьер үчүн көп жылдык мөөнөткө ижарага берүү үчүн 23 га жана Ак-Суу айлынын ылдый жагынан кум алуучу карьер ачуу үчүн көп жылдык мөөнөткө ижарага аберуу үчүн 1 га жерге макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Халмуратовтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сеессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жар Кыштак айлынын ылдый жагындагы № 3 контрдан кум алуучу карьер үчүн көп жылдык мөөнөткө ижарага берүү үчүн 23 га жана Ак-Суу айлынын ылдый жагынан кум алуучу карьер ачуу үчүн көп жылдык мөөнөткө ижарага берүү үчүн 1 га жерге макулдук берилсин
2. Ижарага берүүгө мыйзам чегинде тиешелүү документтер даярдалгандан кийин гана уруксат берилсин
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөт башчы А. Халмуратовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |