Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
2014-жылдын 13-июну № 11-15
Ак-Суу айыл аймагынын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Э. Сангиновду Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак Грамотасына” көрсөтүү жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагынын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Э. Сангиновду Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак Грамотасына ” көрсөтүү жөнүндө. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С. Эрназаровдун билдирүүсү: Урматтуу Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаттары Ак-Суу айылдык Аксакалдар кеңешинин төрагасы Э. Сангинов бир нече жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келүүдө .Бул мезгилде айыл арасында ашыкча каада салттарды, урп - адаттарды кыскартууда бир канча алгылыктуу жумуштарды аткарды. Ошол себептүү Э. Сангиновду жогорудагы аткарган иштери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак Грамотасына ” сунуштоого макулдук берүүңүздөрдү суранам: Жогорудагы билдирүүнү карап чыгып жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Э. Сангинов бир нече жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак Грамотасына” сунушталсын .
2. Керектүү документтерди даярдап берүү жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С. Эрназаровко тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |