Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы
2014-жылдын 12-июну № 11/16
Ак Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы орто мектептерди ЮНИСЕФ тарабынан Япон мамлекетинин грантынын негизинде каржылап ремонттолгондон кийин айылдык кеңештин сессиясынын чечиминин негизинде түзүлгөн комиссиясынын актысы менен мектептерден чыккан эски ар түрдүү курулуш материалдарды элге сатуудан келип түшкөн 102300 сомду кириштеп 2014-жылдын сметасынын чегинде ар түрдүү чыгымдар статьясына чыгыштоого макулдук берүү жөнүндө
Ак Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы орто мектептерди ЮНИСЕФ тарабынан Япон мамлекетинин грантынын негизинде каржылап ремонттолгондон кийин айылдык кеңештин сессиясынын чечиминин негизинде түзүлгөн комиссиясынын актысы менен мектептерден чыккан эски ар түрдүү курулуш материалдарды элге сатуудан келип түшкөн 102300 сомду кириштеп 2014-жылдын сметасынын чегинде ар түрдүү чыгымдар статьясына чыгыштоого макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Х. Кушбаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы орто мектептерди ЮНИСЕФ тарабынан Япон мамлекетинин грантынын негизинде каржылап ремонттолгондон кийин айылдык кеңештин сессиясынын чечиминин негизинде түзүлгөн комиссиясынын актысы менен мектептерден чыккан эски ар түрдүү курулуш материалдарды элге сатуудан келип түшкөн 102300 сом кириштелсин жана 2014-жылдын сметасынын чегинде ар түрдүү чыгымдар статьясына чыгыштоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздооо ФЭБ башчысы Х. Кушбаковго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык кеңешинин экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |