Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы
2014-жылдын 19-июлу № 12/3
Ак Суу айылындагы “Тынчтык” балдар бакчасынын наристе тобуна кошумча тайпа ачууга уруксат берүү жөнүндө
Ак-Суу айылындагы “Тынчтык” балдар бакчасынын наристе тобуна кошумча тайпа ачууга уруксат берүү жөнүндө балдар бакчасынын башчысы Б. Саматованынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак Суу айылындагы “Тынчтык” балдар бакчасындагы наристе тобундагы балдар көбөйүп кеткендигине байланыштуу наристе тобуна кошумча тайпа ачууга уруксат берилсин.
2.Тиешелүү документтерди даярдап тапшыруу балдар бакчасынын башчысы Б. Саматовага жүктөлсүн
3.Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |