Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы
2014-жылдын 19-июлу № 12/5
Жар Кыштак айлындагы “Кызгалдак” балдар бакчасына 2 тайпа толук смендүү болуп ачылышына макулдук берүү жөнүндө
Жар Кыштак айлындагы “Кызгалдак” балдар бакчасынын наристе тобуна кошумча тайпа ачууга уруксат берүү жөнүндө балдар бакчасынын башчысы К. Туйчиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жар Кыштак айлындагы “Кызгалдак” балдар бакчасына 2 толук смендүү тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү документтерди даярдап тапшыруу балдар бакчасынын башчысы К. Туйчиевага жүктөлсүн.
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |