Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2014-жылдын 29-ноябры № 13/2
Ак-Суу айыл аймагында мектептерде тестирлөөнүн жыйынтыгы жана билим деңгээлинин абалы жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагында мектептерде тестирлөөнүн жыйынтыгы жана билим денгээлинин абалы жөнүндө айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Туйчиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагында мектептерде тестирлөөнүн жыйынтыгы жана билим деңгээлинин абалы жөнүндө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Туйчиевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Мектеп директорлоруна окуучулардын билим деңгээлин жакшыртуу максатында ишти жакшыртуу тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |