Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2014-жылдын 29-ноябры № 13/5
Ак-Суу айыл аймагынын Чоюнчу айылындагы 205 кв.м, Ак-Суу айылында 468 кв.м, Суу Башы айылында 25 кв.м, Жар-Кыштак айылынан 60 кв.м жерди муниципалдык менчикке каттап жеке менчикке сатууга жана Чоюнча айылында 1,10 га жерди өздөштүрүп көп жылдык мөөнөткө ижарага макулдук берүү жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагынын Чоюнчу айылындагы 205 кв.м, Ак-Суу айылында 468 кв.м, Суу Башы айылында 25 кв.м жерди муниципалдык менчикке каттап жеке менчикке сатууга жана Чоюнча айылында 1,10 га жерди өздөштүрүп көп жылдык мөөнөткө ижарага макулдук берүү жөнүндө жер боюнча башкы адис А. Бабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын Чоюнчу айылындагы 205 кв.м, Ак-Суу айылында 468 кв.м, Суу Башы айылында 25 кв.м жерди, Жар-Кыштак айылынан 60 кв.м жерди муниципалдык менчикке каттап жеке менчикке сатууга жана Чоюнча айылында 1,10 га жерди өздөштүрүп көп жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү документтерди даярдоо жер боюнча башкы адис А. Бабаевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Халмуратовко тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |