Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012–жылдын 4–майы №13
Чаек айыл өкмөтүнүн 2010-жылдагы боюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга бюджетинин жана 2013-2014-жылга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Чаек айылдык кеңешинин сессиясын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Чаек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2010-жылга кирешелери жана чыгашалары 22566.8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2012-жылга Чаек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 41102,2 миң сомго, анын ичинен
- категориялык грант-32954.1 миң сом
- тендоо грант- 2861.6 миң сом
- киреше салыктары-5286. 5 миң сом суммасында бекитилсин.
3. Айылдык жергиликтүү бюджетке берилген категориялык гранттын суммасы өз багытында жумшалсын.
4. Айыл өкмөтүнүн 2012-жылга айылдык бюджетти бекитүү иш чарасы бекитилсин, жыл ичинде мүмкүчүлүккө жараша статьяларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы тапшырылсын.
5. Айыл өкмөтүндө эмгек акыга, социалдык коргоого, командировкалык чыгымга жана ар кандай чыгымдарды чыгымдоодо лимиттен ашпай иш алый бару жагы финансы-экономика белумунун башчысы Г. Карымшаковага милдеттендирилсин.
6. Чаек айыл өкмөтүндө айылдык бюджетти кароодо жетпей калган каражат Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен суралсын.
7. Чаек айыл өкмөтүнүн айылдык бюджети боюнча жугуртуүдөгү кассалык калдык накталай акча 5,0 сом суммасында белгиленсин.
8. 2011-жылдан калган атайын каражаттан калдык, башкаруу аппаратына 7521,90 сом-2215 статьяга, бала бакчаларга- 135436 сом-статья-2218, билим берүүгө - 89226 сом статья-2111,2121 үчүн берилсин.
9. 2013-жылга-40695,1 миң сомго, 2014-жылга-40575,2 миң сомго бюджеттин долбору бекитилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айылдык кеңешинин финансы-экономика маселери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Рысалиев |