Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
2015-жылдын 26-февралы № 15--4
Ак Суу айылдык кеңешинин төрагасына компенсация төлөп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча жооптуу катчы С. Эрназаровдун билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.
“Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү“ Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 мыйзамынын 37-статьясынын 6-пунктунда айылдык кеңештин төрагасы өз ишин коомдук башталышта жүргүзөт бирок бир жолку берилүүчү компенсация алат деп көрсөтүлгөн.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу агенттигинин 2009-жылдын 15-январындагы № 124 буйругунун негизинде тиешелүү эсептөө расчеттору берилген. Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айылдык кеңештин төрагасына бир жолку берилүүчү компенсация төлөнүп берилсин
Төрага | С. Асланкулов |