Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
2015-жылдын 26-февралы № 15 -7
Ак-Суу айылдык кеңешинин ар түрдүү чыгымдарына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ак Суу айылдык кеңешинин ар түрдүү чыгымдарына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы С. Асланкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин эсебинен айылдык кеңештин ар түрдүү чыгымдарына 25 миң сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөт башчысы А. Халмуратовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасы С. Асланкуловго тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |