Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
2015-жылдын 26-февралы № 15-9
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2015-жылды Улуттук экономиканы чындоо жылы» деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгына ылайык Ак-Суу айыл аймагында 2015-2017-жылдарга Туруктуу Өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2015-жылды Улуттук экономиканы чындоо жылы» деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгына ылайык Ак-Суу айыл аймагында 2015- 2017-жылдарга Туруктуу Өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө. Ак-Суу айыл өкмөт башчысы А. Халмуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы (Билдирүү тиркелет)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “2015-жылды Улуттук экономиканы чындоо жылы» деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгына ылайык Ак-Суу айыл аймагында 2015-2017-жылдарга Туруктуу Өнүктүрүү Программасы бекитилсин.
2.Ак-Суу айыл аймагынын 2015-2017-жылдарга бекитилген Программага ылайык тиешелүү уюштуруу иштерин жүргүзүү жана жылдын жыйынтыгы менен аткарылган иштер боюнча маалымат берүү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Халмуратовго тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасы С. Асланкуловго тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |