Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012–жылдын 18–майы №1
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануу учун акы төлөө жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Чаек айылдык кеңешинин депутаттарынын Мыйзамына ылайык V-сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин:-2012-жылга жайыт пайдалануу учун акы төлөөнүн өлчөмдөрү Ири муйуздуу мал-бир баш учун - 66 (алтымыш алты) сом Кой-эчкилер бир баш учун- 13.20 (он уч сом 20 тыйын) Жылкылар бир баш учун - 66 (алтымыш алты сом)
Эшек бир баш учун - 66 (алтымыш алты сом)
Жайыт пайдалануучулар жайытты толук пайдаланган үчүн (240 күн) төлөмдөрү кайра эсептөө жагы жайыт комитетине жүктөлсүн-кирешелер жана чыгашалар сметасы тиркелет (1-тиркеме)
2. Чаек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдаланылуучу жайыт участоктору учун жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтуу бюджетке багыттоо милдетии жүктөлсүн.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жогоруда аталган жайыт жерлери менен кошо, тиркелген кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык жайыт инфраструктурасынын тиешелүү обьектилери өткөрүлүп берилсин. (2-тиркеме)
4. Бул токтом өзгөртүү толуктоолор менен кабыл алынсын.
5. Бул токтом жарыяланган учурдан тартып он беш кундөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жайыт комитетинин төрагасы Т. Чылпаковго жүктөлсүн.
7. Бул токтомду көзөмөлдүк кылуу жагы чаек айыл өкмөтүнүн башчысы К. Ибраимовго тапшырылсын
Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы |
У. Асанбеков |