Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
2015-жылдын 26-февралы № 15-18
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансындагы ВАЗ 21214 маркасындагы мамлекеттик номери 0384 АС кызматтык автоунааны сатууга макулдук берүү жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансындагы ВАЗ 21214 маркасындагы мамлекеттик номери 0384 АС кызматтык автоунааны сатууга макулдук берүү жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөт башчысы А. Халмуратовдун билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт. ВАЗ 21214 автоунаасы 2005-жылы чыгарылган ПРООН эл аралык уюму тарабынан Ак-Суу айыл өкмөтүнө 2007-жылы акысыз баланстан баланска өткөрүлүп берилген. Эксплуатациялоо мезгилинде эскиргендиктен 2012-жылдан бери жүрбөйт. Ремонтко көп каражат талап кылынгандыктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылганбыз натыйжада 2013-жылы КРӨнүн буйругунун негизинде айыл өкмөтүнө башка ВАЗ 2121 кызматтык автоунаасы берилген. Смета чектелгендиктен 2 автоунаа кармоого жана эксплуатациялоого айыл өкмөтүндө мүмкүнчүлүк жок ошондуктан эски ВАЗ 212214 маркасындагы мамлекеттик номери 0384 АС автоунааны сатууга макулдук берүүңүздөрдү суранамын. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансындагы ВАЗ 21214 маркасындагы мамлекеттик номери 0384 АС Двигатель № 7917431 Кузов № ХТА 21214051778451 кызматтык автоунаасы мыйзам чегинде сатууга макулдук берилсин.
Төрага | С. Асланкулов |