Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012–жылдын 18–майы № 2
Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы К. Ибраимовдун мурдагы иштери боюнча, Чаек айылынын тургундарынын Чаек айылдык кеңешине жазган кайрылуусу боюнча карап чыгуу үчүн, Чаек айылдык кеңешинин убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө
Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Ибраимов Касымбектин мурдагы иштери боюнча, Чаек айылынын тургундарынын Чаек айылдык кеңешине жазган жазган кайрылуусун карап чыгуу боюнча, Чаек айылдык кеңешинин депутаттарынан убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө, Чаек айылдык кеңеши угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардан төмөндөгүдөй курамда убактылуу комиссия түзүлсүн.
1. Бөдөшбеков Айтбек - Чаек айылдык кеңешинин депутаты, убактылуу комиссиянын төрагасы
Мүчөлөрү:
2. Акматалиева Жаркын
3. Дөөтиев Максат
4. Шалбаев Каныбек
2. Чаек айылынын тургундарынын кайрылуусу боюнча жеринен карап, чыгып жыйынтыгын кийинки Чаек айылдык кеңешинин сессиясына маалымат беришсин.
3. Маалымат берүү жагы аталган комиссияларга тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Чаек айылдык кеңешинин терагасы Т. Рысалиевге милдеттендирилсин.
Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы |
У. Асанбеков |