Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
2015-жылдын 26-февралы № 15 -21
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Ак-Суу айылынын Коргон Сай участкасындагы 1400 кв.метр эски силостук траншеяны муниципалдык менчикке каттап жеке менчикке сатууга макулдук берүү жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Ак-Суу айылынын Коргон Сай участкасындагы 1400 кв.метр эски силостук траншеяны муниципалдык менчикке каттап жеке менчикке сатууга макулдук берүү жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А. Бабаевтин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Ак-Суу айылынын Коргон Сай участкасындагы 1400 кв.метр эски силостук траншеяны муниципалдык менчикке каттап мыйзам чегинде жеке менчикке сатууга макулдук берилсин
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөт башчысына тапшырылсын
Төрага | С. Асланкулов |