Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
2015-жылдын 26-февралы № 15-22
Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айылында жайгашкан муниципалдык менчиктеги «Тынчтык» балдар бакчасынын тарбиялануучулары үчүн түрткү берүүчү гранттын эсебинен курула турган жайкы ойноочу жайга айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагынын Ак-уу айылында жайгашкан муниципалдык менчиктеги «Тынчтык» балдар бакчасынын тарбиялануучулары үчүн түрткү берүүчү гранттын эсебинен курула турган жайкы ойноочу жайга айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бшчысы А. Халмуратовдун билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.
Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айылында жайгашкан «Тынчтык» балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын жайкы ойноочу жайы жок болгондуктан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине түрткү берүүчү грант берүүнү суранып долбоор жазганбыз, долбоордун шарты боюнча айыл өкмөтү 10% өзүнүн салымын кошуу керек, ошондуктан 2015-жылдын бюджетинен «Тынчтык» балдар бакчасы үчүн 50 миң сом ажыратып берүүңүздөрдү суранамын. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылга кабьыл алынган бюджетинен 9-бөлүмдүн балдар бакчасынын 22154900–статьясынан «Тынчтык» балдар бакчасынын тарбиялануучулары үчүн курула турган жайкы ойноочу жай үчүн түрткү берүүчү грантка айыл өкмөтүнүн үлүшү катары 50 миң сом ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөт башчы А. Халмуратовго милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |