Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
2015-жылдын 26-февралы № 23
Айыл өкмөтүнүн Жар Кыштак, Чоюнчу, Ак-Суу жана Суу башы айылдарынын калктуу конуштарынын четтериндеги түшүмдүүлүгү төмөн, таштак жайыт жер эсебиндеги 6,2225 га жер участогун айыл чарбасына мүмкүн болбогон жерлерин башка багытка, калктуу конуштардын жер эсебине көтөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Жар Кыштак, Чоюнчу, Ак-Суу жана Суу башы айылдарынын калктуу конуштарынын четтериндеги түшүмдүүлүгү төмөн, таштак жайыт жер эсебиндеги 6,2225 га жер участогун айыл чарбасына мүмкүн болбогон жерлерин башка багытка, калктуу конуштардын жер эсебине көтөрүүгө макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүн жер боюнча башкы адиси А. Бабаевтин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Жар Кыштак, Чоюнчу, Ак-Суу жана Суу башы айылдарынын калктуу конуштарынын четтериндеги түшүмдүүлүгү төмөн, таштак жайыт жер эсебиндеги 6,2225 га жер участогун айыл чарбасына мүмкүн болбогон жерлерин башка багытка калктуу конуштардын жер эсебине көтөрүүгө макулдук берилсин
2. Тиешелүү документтерди даярдап Сүлүктү-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо жана Лейлек райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыктарына берүү жагы башкы адис А. Бабаевке тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Халмуратовко тапшырылысын.
Төрага | С. Асланкулов |