Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
2015-жылдын 26-февралы № 15/24
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылдарга Жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын долбоорун кароо жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018- жылдарга Жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын долбоору боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Х. Кушбаковдун, айылдык кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылдарга Жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын долбоору "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндөгү" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы-экономикалык негиздери жөнүндөгү" мыйзамдарына ылайык түзүлгөндүгүн белгилеп, жогорудагылардын негизинде Ак-Суу айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга Жергиликтүү бюджетинин долбоорунун киреше жана чыгашаларынын негизги корсоткучтору 8986.0 миң сом. 2017-жылга 9277,9 миң сом, 2018-жылга 9402,9 миң сом өлчөмүндө № 1-2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Бул чечимдин аткарылышын кезвмелго алуу депутаттардын Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |