Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 16-сессиясы
2015-жылдын 28-апрели № 16-1
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн АРИСтин «Айылдарды инвестициялоо-3 «долбооруна айылдардан сунушталган приоритеттүү көйгөйлөрдү аныктаган конкурстук комиссиянын протоколдорун бекитип берүү жөнүндө
АкСуу айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн АРИСтин «Айылдарды инвестициялоо-3» долбооруна айылдардан сунушталган приоритеттүү көйгөйлөрдү аныктаган конкурстук комиссияны протоколдорун бекитип берүү жөнүндө конкурстук комиссиянын төрагасы Ак-Суу айыл өкмөтүнүнүн башчысы А. Халмуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт
АРИСтин «Айылдарды инвестициялоо-3 « долбоору Кыргызстан мамлекети боюнча анын ичинде Ак-Суу айыл аймагында да иштеп жатат. Бул күнгө чейин айылдарда атайын топтор түзүлүп алар элдердин негизги көйгөйлөрүн аныктоо максатында айылдарда иш жүргүзуштү натыйжада ар бир айылда элдердин ичинен түзүлгөн демилгелүү топтор түзүлдү. Демилгелүү топтор айыл ичиндеги көйгөйлөрдү аныктап айылдын профайлын түзүштү жана өздөрү приоритеттүү деп аныктаган негизги көйгөйлөрдү айыл өкмөтүнүн алдындагы конкурстук комиссияга сунушташты.
Конкурстук комиссия бул сунуштарды карап чыгып приоритеттүү деп алардын кезегин аныктап беришти
Ошондуктан сиздерге ушул конкурстук комиссиянын протоколун бекитип берүү жагы сунушталат.
Ак Суу айыл өкмөтүнүн А. Халмуратовду билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн АРИСтин «Айылдарды инвестициялоо-3» долбооруна айылдардан сунушталган приоритеттүү көйгөйлөрдүн тизмесинин кезегин аныктаган конкурстук комиссиянын 2015-жылдын 24-апрелиндеги № 1 протоколу бекитилсин
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөт башчы А. Халмуратовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |