Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы
2015-жылдын 12июну № 17-1
Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы Катта Нав сайынан келүүчү селди № 138 контрдагы КБФнын жеринен селхана өткөрүү үчүн 2 га жерди бир категориядан жараксыз жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Лейлек районунун Ак-Суу айыл караштуу Алга айылынын Катта Нав сайынан келүүчү селди № 138 контрдагы КБФнын жеринен селхана өткөрүү үчүн 2 га жерди бир категориядан экинчи категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Халмуратовдун билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт
Катта Нав сайынан жыл сайын сел келип № 138 контрдагы КБФнын жерлерин басып кете, ошондуктан селхана ачып селди өткөрүп жиберүүнүн жолун жасап берүүбүз зарыл, бирок селхананы ачканда № 138 КБФнын жеринен 2 га жерди кум жана топурак басып калат. Ошондуктан № 138 контрдагы 2 га КБФнын жерин жараксыз жерлер категориясына которуп берүүгө макулдук беруүүңүздөрдү суранамын. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алга Айылындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен 2 га жерди башка категорияга жараксыз жерлер категориясына которууга макулдук берилсин
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөт башчы А. Халмуратовго милдеттендирилсин..
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |