Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 17 сессиясы
2015-жылдын 12-июну № 17-2
Ак-Суу айыл аймагына келген селден зыян тарткандардын жерлери жараксыз абалга келгендиктен ижара акысынан соцфонддон жана салыктан бошотуу жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагында келген селден зыян тарткандарды жерлери жараксыз абалга келгендиктен ижара акысынан, соцфонддон жана салыктан бошотуу жөнүндө.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Халмуратовдун билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт
Ак-Суу айыл аймагында 2015-жылдын 6-апрелинде жана 9-июнунда катуу жамгыр жаагандыктан сел келип КБФнын жерлерине, арыктарга бир топ көлөмдө зыян келтирген
Натыйжада бир топ эгилген жерлерди кум, ылайка басып кайрадан эгүүгө мүмкүнчүлүк жок болуп калды.
Ошондуктан айыл өкмөтү тарабынан буйрук менен атайын комиссия түзүлүп сел келтирген зыяндарды аныктап акт түзүлгөн, ошондуктан жараксыз жерлерди ижара акысынан. соцфонддон жана салыктан бошотуу эарыл. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак Суу айыл аймагында келген селден зыян тарткандарды жерлери жараксыз абалга келгендиктен ижара акысынан, соцфонддон жана салыктан айыл өкмөтүндө алдында түзүлгөн атайын комиссиянын актынын негизинде бошотулсун.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жер боюнча башкы адис А. Бабаевге милдеттендирилсин..
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчы А. Халмуратовго жана айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |