Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 17–сессиясы
2015-жылдын 12-июну № 17-3
БУУнун ЮНИСЕФ эл аралык уюму тарабынан каржыланып ремонттолгон мектептерден. Балажан балдар бакчасынан чыгарылган жарактуу курулуш материалдарын сатууга макулдук берүү жана материалдарды сатуу үчүн комиссия түзүү жөнүндө
БУУнун ЮНИСЕФ эл аралык уюму тарабынан каржыланып ремонттолгон мектептерден жана Балажан балдар бакчасынан чыгарылган жарактуу курулуш материалдарын сатууга макулдук берүү жана жарактуу материалдарды сатуу үчүн комиссия түзүү жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Халмуратовдун билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Эгемендүүлүк, Шаматов атындагы, Пулатов атындагы орто мектептер жана Балажан балдар бакчасы ЮНИСЕФ эл аралык уюму тарабынан каржыланып ремонттолуп андан бир топ жарактуу курулуш материалдар чыгарылып бухгалтерия тарабынан акт түзүлүп кириштелген .
Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын Илим жана Билим берүү министрлигинин буйругунун негизинде мектептердеги завхоз жана башка бир топ штаттар кыскаргандыгына байланыштуу материалдарды карай турган жооптуу адам калбай калды. Ошондуктан мектептерден чыккан жарактуу курулуш материалдарын элге сатып бюджетке кириштеп айыл өкмөтүнүн ар түрдүү чыгымдар статьясына чыгымдоого уруксат берүүңүздөрдү суранамын. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап. Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. БУУнун ЮНИСЕФ эл аралык уюму тарабынан каржыланып ремонттолгон мектептерден. Балажан балдар бакчасынан чыгарылган жарактуу курулуш материалдарын сатууга макулдук берилсин жана сатуудан түшкон акча айыл өкмөтүнүн бюджетине кириштелип айыл өкмөтүнүн ар түрдүү чыгымдар статьясына смета негизинде чыгымдалсын
2. Жарактуу материалдарды сатуу үчүн төмөнкү курамдагы комиссия түзүлсүн.
Комиссия төрагасы айылдык кеңештин төрагасы С. Асланкулов
МҮЧӨЛӨРҮ:
Кудаяров Баабек-айылдык кеңештин депутаты
Хакимов Абдисалаом-айылдык кеңештин депутаты
Туйчиева Фарогат-материалдык бухгалтер
Гоипов Жоназар-Жеңиш айылынын айыл башчысы
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо ФЭБ башчысы Х. Кушбаковго милдеттендирилсин..
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы
А. Халмуратовго жана айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |