Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы
2015-жылдын 12-июну № 17-4
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетине тоорук өткөрүүдө атуулдардан түшкөн комиссиондук чыгымдарды кириштеп айыл өкмөтүнүн ар түрдүү чыгымдар статьясына чыгымдоого уруксат берүү жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетине тоорук өткөрүүдө атуулдардан түшкөн комиссиондук чыгымдарды кириштеп айыл өкмөтүнүн ар түрдүү чыгымдар статьясына чыгымдоого уруксат берүү жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Халмуратовдун билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт
Айыл өкмөтүнүн алдында КБФнын жерлерин ижарага берүү жана муниципалдык менчиктеги жерлерди жеке менчикке сатуу боюнча түзүлгөн комиссия бир топ тооруктарды өткөргөн натыйжада бүгүнкү күнгө чейин торуктарга катышкан атуулдардан 11000 сом комиссиондук чыгым үчүн акча түшкөн Ушул акчаны комиссия жөнүндөгү жобо негизинде комиссиянын ар түрдүү чыгымдарына иштетүүбүз мүмкүн. Ошондуктан ушул акчаларды айыл өкмөтүнүн бюджетине кириштеп айыл өкмөтүнүн ар түрдүү чыгымдар статьясына жумшоого уруксат берүүңүздөрдү суранамын. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап. Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тооруктарды өткөрүүдө комиссиондук чыгымдардан түшкөн 11000 сом акча айыл өкмөтүнүн бюджетине кириштелип айыл өкмөтүнүн ар түрдүү чыгымдар статьясына чыгымдалсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо ФЭБ башчысы Х. Кушбаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |