Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы
2015-жыцлдын 12-июну № 17-5
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А, Халмуратовдун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн «Тынчтык» балдар бакчасына жайкы сыртка ойноочу жай куруу үчүн Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине жалпы суммасы 498680 сомдук түрткү берүүчү грантка долбоор жазылып министрлик тарабынан колдоого алынган бул долбоордо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 10 %дык өздүк салымы 50000 сом болуп саналат, бирок өздүк салым ар бир кварталга бөлүнгөндүктөн ар түрдүү чыгымдар статьясынан 12500 сомду 4-кварталдан 3-кварталга, ал эми Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин катынынын негизинде киреше салыгынан 11 кварталдан 142600сомду кемитип 111 кварталга жылдырып берүүңүздөрдү суранамын. Чыгаша бөлүгү башкаруу аппаратынын ар түрдүү чыгашалар статьясынан кемитилсин. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылга кабыл алынган бюджетинин ар түрдүү чыгымдар 22154900 статьясына жана киреше салыгына өзгөртүү киргизилсин. Ар түрдүү чыгымдар 22154900 статьясынан 4-кварталга бөлүнгөн 12500 сом 3-кварталга жылдырылсын, ошондой эле 11-кварталдагы киреше салыгынан 142600 сомду 111-кварталга жылдырылсын
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо ФЭБ башчысы Х. Кушбаковго милдеттендирилсин..
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы А. Халмуратовго тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |