Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы
2015-жылдын 12-июну № 17-6
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнундө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Халмуратовдун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы кабыл алынган бюджетиндеги ар түрдүү чыгымдар статьясына каралган 98400 сом командировкалык чыгымга 18000 сом, транспорттук чыгымга 80400 сом иштетилип кеткен, ошондуктан ушул чыгымдарды ар түрдүү чыгымдар статьясынан кемитилип командировкалык жана транспорттук чыгымдарга жылдырып берүүңүздөрдү суранамын. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап. Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ар түрдүү чыгымдар 22154900 статьясынан 98400 сом анын ичинен командиравкалык чыгымга 18000 сом жана транспорттук чыгымга 80400 сом жылдырылсын
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо ФЭБ башчысы Х. Кушбаковго милдеттендирилсин..
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы А. Халмуратовго тапшырылсын.
Төрага | С. Асланкулов |